Эрдогандын Кудус боюнча билдирүүсү

Эрдоган, АКШнын Израилдеги Элчилигин Кудуска көчүрүп, Палестина тарабын жазаландырганын айтты.

970269
Эрдогандын Кудус боюнча билдирүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, АКШнын Израилдеги Элчилигин Кудуска көчүрүп, Палестина тарабын жазаландырганын айтты.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Ислам Кызматташтык Уюмунун кезектеги төрагасы катары жазуу түрүндө билдирүү жарыялап, АКШнын элчилигин Тель-Авивден Кудуска көчүрүп эл аралык укуктун эң негизги принциптерин, эл аралык коомчулуктун эркин, тарыхты жана социалдык шарттарды тебелеген мамилесин улантууну тандаганын көрсөткөнүн билдирди.

Эрдоган: «АКШнын адамзаттыктын укук, адилеттик жана абийир аң-сезимине жатпаган бул кадамы менен БУУнун бардык тийиштүү токтомдорун, ал эмес өз мыйзамын дагы бузганын, эл аралык коомчулук багытындагы ишендирүүчүлүгүнө зыян тийгизгенин жана араздашууга чечүүчү жол табууга карай арачылык ролун жоготконун», маалымдады.

Эрдоган: «АКШ элчилигин Кудуска көчүрүп, чындап эле тынчтыкты каалаганын көп жолу далилдеген Палестина тарабын жазаландырды. Палестина калкынын жүздөгөн жылдык мекен жерлерин басып алган, блокада жана мыйзамга жатпаган отурукташуулары менен эки мамлекеттүү чечүүчү жол табууга карай убадаларды бузган, тынчтыкты өзү мүмкүн эместей абалга келтирген, БУУнун токтомун системалуу түрдө бузган Израиль өкмөтүн болсо сыйлыктандырды. Тарых жана адамзат абийири палестиналык туугандарыбызга кылынган адилетсизликтерди эч качан кечирбейт. Палестина маселесине адилеттүү жана туруктуу чечүүчү жол табуу жалгыз эгемендүү жана көз карандысыз Палестина мамлекетинин 1967-жылдагы чек араларынын негизинде, борбор шаары Чыгыш Кудус болгудай түрдө түзүлүүсү менен мүмкүн болот»,-деп жазды.

Президент Эрдоган, Түркиянын Палестина мамлекети менен дос жана тууган Палестина калкынын ар дайым жанында боло турганын, акылуу доосунда палестиналык туугандарын эч качан жалгыз калтырбай турганын баса белгиледи.

Палестинанын жерлеринде бүгүнкү күндө болушу ыктымалдуу окуялар темасында Израиль башкаруучулугун жооптуу жана сабырдуу иш-аракет кылууга чакырган Эрдоган, бул орчундуу күндө жан кыйылуулардын алдын алыш үчүн керектүү сезимталдыктын эң жогорку деңгээлде көрсөтүлүшү керектигине көңүл бурду.



Тектеш кабарлар