Эрдоган Лондондо катуу сөздөрдү айтты

Мунай зат, алтын жана алмаз үчүн адамдарды бири-бирине кырдырткандар бар.

970022
Эрдоган Лондондо катуу сөздөрдү айтты

Президент Режеп Таййип Эрдоган, АКШ элчилигинин Кудуска көчүрүлүшүнө байланыштуу: «Кудус өзгөчө Чыгыш Кудус Палестинанын борбор шаары болуп саналат. Муну Ислам дүйнөсү катары биз ушундай билебиз»,-деди.

Англиянын борбор шаары Лондонго барган Эрдоган, ТУРКЕН фондуна мүчө студенттер менен жолугуп, катышуучуларга кайрылды.

600 жыл бою үч материк жети климатта адилеттүүлүк камсыздаган Осмон империясынын мурасчылары экендиктерин белгилеген Эрдоган, күнөөсүздөрдүн канынын үстүндө тынчтык жана ырааттуулук камсыздалбай турганын айтты.

Эрдоган сөзүн мындай улантты: «Эми бир кадам ташталууда, ал эмне? Кудус Израилдин борбор шаары болот экен. АКШ баш болуп Кудусту Израилдин борбор шаары катары тааныйт экен. Эмне катары таанысаңыздар тааныгыла. БУУда бул тема добушка коюлуп, бардык нерсе аткарылды. 128 өлкө өз мамилесин өтө ачык жана так ортого салды. Жаныңызга майда-чүйдө 7-8 өлкө, жерлерди таптыңыз. Ал да өткөргөн телефон сүйлөшүүлөрүңөрдүн мааниси жок. «Мен сизге ушунча акча берем. Ошондуктан добушуңду ушул багытка бер» деген кадамдарды таштадыңар. Каалашынча таштай бергиле. Кудус, өзгөчө Чыгыш Кудус Пелестинанын борбор шаары болуп саналат. Муну Ислам дүйнөсү катары биз ушундай билебиз. Биз бирөөлөр сыяктуу мунай зат, алтын жана алмаз үчүн адамдарды бири-бирине кырдырткан жокпуз, кырдыртпайбыз. Бирок ошол бирөөлөр муну жасады»,-деди.



Тектеш кабарлар