Президенттик шайлоого талапкерлердин так тизмеси

ЖШКнын жарлыгында, 24-июнда боло турган шайлоолордо орун ала турган президенттикке талапкерлердин ысымдары орун алды.

969805
Президенттик шайлоого талапкерлердин так тизмеси

Жогорку шайлоо кеңеши (ЖШК) президенттик шайлоого катыша турган талапкерлердин так тизмесин жарыялады.

Расмий гезитте жарыяланган ЖШКнын жарлыгында, 24-июнда боло турган президент жана 27-чакырылыштагы эл өкүлдөрүн шайлоолордо орун ала турган президенттикке талапкерлердин ысымдары орун алды.

Тизмедеги ысымдар мындай;

  1. Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) жана Улуттук кыймыл партиясынын (MHP) биргелешкен талапкери, 1954-жылы 26-февралда туулган Мармара университетинин бүтүрүүчүсү-Режеп Таййип Эрдоган,
  2. Жумурият элдик партиясынын (CHP) талапкери 1964-жылы 4-майда туулган Улудаг университетинин бүтүрүүчүсү- Мухаррем Инже,
  3. Ийи партиянын жетекчиси 1956-жылы 18-июлда туулган Мармара университетинин бүтүрүүчүсү Мерал Акшенер,
  4. Элдик демократиялык партиянын (HDP) талапкери 1973-жылы 10-апрелде туулган Анкара университетинин бүтүрүүчүсү Селахаттин Демирташ,
  5. Саадет партиясынын жетекчиси 1941-жылы 20-сентябрда туулган Виктория университетинин бүтүрүүчүсү Темел Карамоллаоглу,
  6. Мекен партиясынын жетекчиси 1942-жылы 17-июнда туулган Анкара университетинин бүтүрүүчүсү Догу Перинчек.


Тектеш кабарлар