Түрк куралдуу күчтөрүнүн Мардин жана Түндүк Ирак операциясы
Нусайбин ПКК/ЙПД/ЙПГ террордук уюмунун мүчөсү эки террорист өлтүрүлдү.
968482
![Түрк куралдуу күчтөрүнүн Мардин жана Түндүк Ирак операциясы](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/2f2e/9df8/201d/5ac8640a106fc.jpg?time=1718872862)
Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Мардиндин Нусайбин районунда ПКК/ПЙД/ЙПГ террордук уюмунун мүчөсү эки террорист өлтүрүлдү.
Башкы штабдын төрагалыгынын интернет сайтынан берилген маалыматка караганда Нусайбинде чек арада кызмат кылган коопсуздук күчтөрү тарабынан өзүн коргоо мыйзамынын негизинде ок атышуулардын акырында ПКК/ПЙД/ЙПГ террордук уюмуна мүчө эки террорист өлтүрүлдү.
Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Ирактын түндүгүндөгү Хакрук аймагына да абадан операция жүргүзүлдү. Операцияда кол салуу үчүн даярданган террористтерге таандык баш калкалоочу жерлер менен курал буктурмалары жардырылды.