Жаңы мезгилде Түркия өнүккөн цивилизациялардын үстүнө чыгат

Президент,Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчиси Режеп Таййип Эрдоган, АК партиянын шайлоо манифестин жарыялады.

965109
Жаңы мезгилде Түркия өнүккөн цивилизациялардын үстүнө чыгат

Президент,Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК партия) жетекчиси Режеп Таййип Эрдоган, «Синан Эрдем» атындагы спорт залда уюштурулган АК партиянын Стамбулда 6-кезектеги облустук конгрессинде шайлоо манифестин жарыялады.

Эрдоган: «Алдыбыздагы мезгилде күжүрмөндүк, эрк жана тайманбастык менен бирге Түркия гүлдөйт. Убадам болсун; жаңы мезгилде Түркия өнүккөн цивилизациялардын үстүнө чыгат, пайыздар, инфляция жана эсеп кысап кемчилиги төмөндөйт»,-деди.

Эрдоган: «Биз турган жар шарында Түркия, аймагынын эң маанилүү күчүнө айланууда. Жаңы мезгилде Түркия глобалдык күч, алдыңкы өлкөгө айланат»,-деди.

Эрдоган, шайлоолордон кийин Президенттик өкмөт системасы менен гүлдөп, жаңыдан жогорулоо идеябыз бардык элементтери менен ишке аша турганын белгиледи.

Эрдоган: «Бийлик бутактарынын толук бөлүнүшү менен Парламент мыйзам чыгарууга жана өкмөттү текшерүүгө, өкмөт таасирдүү ишке ашырууга, сот да көз карандысыз жана тарапсыз түрдө адилеттиктин камсыздалышына багытталат»,-деди.

Эрдоган: «Демократиялык саясаттын институттары курулган бул жаңы системада, ырааттуулук туруктуу абалга келет. Ылдам чечим чыгаруу, кечикпеген ишке ашыруу жана таасирдүү башкаруу менен экономикалык өсүү ылдамдайт»,-деди.

Эрдоган: «Ар кимдин мүлкүнүн коопсуздугу жана соода кылуу эркиндиги, дагы күчтүү түрдө укук мамлекетинин кепилдиги астына алынат»,-деп айтты.

Эрдоган: «Убадам болсун; жаңы мезгилде Түркия өнүккөн цивилизациялардын үстүнө чыгат, пайыздар, инфляция жана эсеп кысап кемчилиги төмөндөйт»,-деди.

Эрдоган: «Тышкы саясатыбыздын негизги принциптери «көз карандысыздык», «улуттук киреше», «улуттук коопсуздук» жана «абийирдүүлүк» болушун улантат. Эч кимдин таксырлыгын кабыл албаганыбыз сыяктуу эч кимге да таксырдык кылбайбыз»,-деп айтты.

Эрдоган: «Глобалдык күч болуш үчүн өз куралдарыбызды өндүрүп чыгаруубузду улантабыз. «Алтай» танкабыз сыяктуу, «Атак» тик учарыбыз сыяктуу, учкучсуз учуучу аппараттарыбыз, куралдуу учкучсуз учуучу аппараттарыбыз сыяктуу коргоо өнөр жайындагы баалуулуктарыбызды арттырабыз. Максатыбыз кургактыкта, абада, деңизде, бардык тармакта жүз пайыз жергиликтүү коргоо өнөр жай системаларына Түркия катары ээ болуу»,-деди.

Эрдоган: «Айнеларабдан Хасекеге чейин, ал жерден да Синжар жана Кандилге чейин акыркы террорист жок болгонго дейре операцияларыбыз уланат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар