Эрдоган Канал Стамбул долбоору тууралуу маалымат берди

Түркия Канал Стамбул долбоорунда кимдер менен иштешет?

962367
Эрдоган Канал Стамбул долбоору тууралуу маалымат берди

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Канал Стамбул долбоорунда Түштүк Кореянын орун алуусунун сыймыктандырганын айтты.

Түштүк Кореянын борбор шаары Сеулда жолугушууларды өткөргөн Эрдоган, Стамбулда салына турган жана Карадеңизди Жер ортолук деңизге байланыштыра турган Канал Стамбул долбоору тууралуу маалымат берди.

Сөз сүйлөөсүндө, Түркиянын 2023-жылга (Республиканын 100 жылдыгына) карата пландарынан Канал Стамбул долбоорунда түштүк кореялык ишканалардын чогуу иштеше турган болушуна токтолгон Эрдоган: «Бул долбоордо Кореянын да орун алышы бизди өзгөчө сыймыктандырат»,-деп айтты.

Эрдоган сөз сүйлөөсүндө, 2016-жылдын 15-июлундагы мыкаачылык төңкөрүш аракетин кылган Феттуллахчы террор уюму ФЕТӨнүн мүчөлөрүнүн иштерине да токтолду.

Эрдоган: «ФЕТӨчүлөрдүн Түштүк Кореядагы иштеринин токтотулушун каалайбыз»,-деди.



Тектеш кабарлар