Премьер - министр министрлер кеңешинин жыйынынан кийин билдирүү жасады

Пенсиядагы кишилерге жылда 2 жолу миң лиралык майрамдык премия берилет.

961672
Премьер  - министр министрлер кеңешинин жыйынынан кийин билдирүү жасады

Премьер  - министр Бинали Йылдырым министрлер кеңешинин жыйынынан кийин 2018 -  жыл 31 -  марттан мурдагы мезгилге таандык коомдук карыздардын кайрадан реструкташтырыларын билдирди.

Бинали Йылдырым өзгөчө пенсиянын 500 лира дагы жогорулатырларын белгиледи. Премьер  - министр пенсиядагыларга да жылда 2 жолу миң лиралык майрамдык премия берилерин айтты.

Премьер  - министр Бинали Йылдырым түрдүү себептер менен 7 жылда университетти бүтүрө албаган студенттерге да бир мүмкүнчүлүктүн  берилерин белгиледи. Йылдырым жаңы чай жалбырагынын наркын болсо 2 лира 45 куруш деп билдирди.

 



Тектеш кабарлар