Түркия НАТО үчүн чечүүчү ролго эгедер

Столтенберг түркиялык журналисттерге маалымат берди.

961131
Түркия НАТО үчүн чечүүчү ролго эгедер

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг, Түркиянын НАТО үчүн чечүүчү ролго эгедер өлкө экенин айтты.

«Түркиянын маанисин түшүнүү үчүн картаганы кароо жетиштүү» деген Столтенберг, НАТОнун мүчөлөрүнө коркунуч жараткан күч колдонуу болуп жаткан Ирак менен Сирияга коңшу болгон Түркиянын стратегиялык маанисин баса белгиледи.

НАТОнун өткөн жумадагы тышкы иштер министрлеринин жыйынынан кийин түркиялык журналисттер менен жолуккан Столтенберг, Түркиянын террордук уюм ДЕАШтын жеңилүүсү үчүн түзүлгөн дүйнөлүк коалицияга базис камсыздаганын эске салып: «Түркияга ыраазыбыз»,-деп айтты.

Түркиянын террордон эң көп зыян тарткан НАТО өлкөсү экенин айткан Столтенберг: «Түркиянын албетте өзүн коргоого укуктуу»,-деди.

Баш катчы: «Түркия бир канча жылдын ичинде Жогорку даярдыктуу бергелешкен кызмат күчүнө лидерлик кылат жана НАТОнун ичинде чечүүчү ролду милдеттенет. Албетте берки шериктештер да муну билип турушат»,-деп айтты.  



Тектеш кабарлар