24-июндагы шайлоолор Түркиянын бурулуш жери болот

Президент , Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын (АК партия) жетекчиси Эрдоган, партиясынын Стамбулдагы облустук аял тармактарынын конгрессинде сөз сүйлөдү.

960481
24-июндагы шайлоолор Түркиянын бурулуш жери болот

Президент Режеп Таййип Эрдоган, 24-июндагы шайлоолордун Түркиянын бурулуш жери боло турганын айтты.

Президент , Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын (АК партия) жетекчиси Эрдоган, партиясынын Стамбулдагы облустук аял тармактарынын конгрессинде сөз сүйлөдү.

24-июнда боло турган президенттик жана парламенттик мөөнөтүнөн мурда болуучу шайлоолорго токтолгон Эрдоган, Түркиянын жаңы мезгилге киргенин белгиледи.

Бул үчүн бардык базис даярдыктары бүтүрүлгөнүн жана шайлоо календарын белгилегендерин билдирди.

24-июнга карай Стамбулда билдирүүсүн жарыялаган Эрдоган: «Стамбулда өзүңүзгө ишенип күчкө ээ болбосоңуз Түркиянын калган жеринде белгилүү бир деңгээлден жогору чыгышыңыз мүмкүн эместей абалга келет. Алдыбызда шайлоолор бар. Стамбул 24-июндун да белгилөөчүсү болот. Стамбул эмне десе Түркия ошондой болот»,-деди.

Эрдоган, жаңы мезгилде алгачкы иштеринен бирөөнүн Канал Стамбулдун курулушун баштатуу боло турганын жарыялады.

Эрдоган аялдарды саясатта дагы таасирдүү, дагы көп катышкан, дагы жогорку катышта өкүлдүк кыла алгыдай түрдө Парламентте көргүсү келгендерин айтты.

Премьер-министр Бинали Йылдырым да, конгрессте сүйлөгөн сөзүндө АК партиянын демократиянын, улуттук эрктин кепили, жактоочусу экенин белгилеп: « АК партия мындан кийин да ушундай болушун улантат»,-деди.

Президент Эрдоган, партиясынын Измирдеги 6-Кезектеги облустук конгрессинде сүйлөгөн сөзүндө да 24-июндун Измирдин саясий тандоолорунда тарыхый жаңылык боло турганын белгилеп, Улуттук кыймыл партиясы менен түзгөн Жумхур өнөктөштүгүнүн шайлоодо жеңип чыгып тарыхка өтүшүн каалагандарын айтты.

Премьер-министр Бинали Йылдырым да Түркиянын көз карандысыздыкка жетишинде маанилүү үлүшкө ээ болгон Измирдин, өлкөнүн Европага ачылган терезеси экендигин белгилеп кетти. Йылдырым, шаардын соода менен өскөнүн жана дүйнөлүк шаар болуу жолунда ишеничтүү кадамдар менен илгерилегенине көңүл бурду.


Этикеткалар: #Эрдоган , #Стамбулдагы

Тектеш кабарлар