Президент Эрдогандын билдирүүсү корей тилине которулуп интернет айдыңында бөлүшүлдү

Президент Р. Т. Эрдоган Түндүк жана Түштүк Кореянын ортосунда ташталган тарыхый кадамды колдогондугун билдирди.

960150
Президент Эрдогандын билдирүүсү корей тилине которулуп интернет айдыңында бөлүшүлдү

Президент Р. Т. Эрдоган Түндүк жана Түштүк Кореянын ортосундагы карым  - катнаштардын өнүктүрүлүшү жана Корея жарым аралынын ядролук куралдардан тазаланышы жолунда ташталган тарыхый кадамды колдогондугун билдирди.

Эрдоган твитердеги эсебинен берген маалыматында Түштүк Кореянын мамлекет башчысы  Мун Чжэ Ин менен Түндүк Кореянын лидери Ким Йонг ундун кечээ Панмунджомдогу жолугушууларынан ыраазы болгондугун билдирди.

2 -  майдагы расмий сапарында мамлекет башчы Мун Чже Ин менен маанилүү маселелерди карап чыгышарын айткан Эрдоган : «Түндүк жана Түштүк Кореянын ортосундагы карым  - катнаштардын өнүктүрүлүшү жана Корея жарым аралынын ядролук куралдардан тазаланышында ташталган бул тарыхый кадамды колдоп жана процесстин ийгликтүү улантылышын каалаймын»,- деди. Президент Эрдогандын маалыматы корей тилине да которулуп, социалдык медиа эсебинен бөлүшүлдү.



Тектеш кабарлар