Греция качкан козголоңчуну эркин койо берди

Грецияга качкан козголоңчулардан Сүлейман Өзкайнакчы камоого алынган пунктан эркин койо берилди.

959424
Греция качкан козголоңчуну эркин койо берди

 

Грециянын «Катимерини» гезитинин маалыматына ылайык жогорку сот текшерүүгө алуу шарты менен эркин койо берилишине чечим чыгарылган Өзкайнакчы чечим боюнча грек полициясынын чет элдиктер директорлугу тарабынан эркин койо берилди. Өзкайнакчынын коопсуздук себеби менен жашыруун бир үйгө алып барылгандыгы белгиленди.

Жогорку сот чечиминде Өзкайнакчынын бардык козголоңчу аскерлердин баш калкалоо кайрылуусуна карата чечими билдирилгенге чейин текшерүү астына алуу шарты менен эркин койо берилишине чечим чыгарылгандыгын билдирди.

Баш калкалоо талабы 2017 – жылдын декабрь айынын акырында кабыл алынган Өзкайнакчы кыска убакыт мурда эркин койо берилип, өкмөттүн чечиминин токтотулушу жана жоюлушу багытындагы кайрылууларынан кийин кайрадан камоого алынган болчу.

Жогорку соттун козголоңчулардын баш калкалоо талаптарына байланыштуу акыркы чечимин 4 -  майда чыгарышы күтүлүүдө. Бир тараптан грек мыйзамы боюнча 18 ай болгон камоо мөөнөтүнүн май айында толору белгиленди.

Грек юстиция министри Ставрос Контонис козголоңчу 8 аскердин бул мөөнөттүн толушу менен эркин койо берилишинин алдында эч бир тоскоолдуктун болбогондугун билдирген болчу.

 

 

 



Тектеш кабарлар