Алиевдин Түркиядагы жолугушуулары

Азербайжан менен Түркиянын ортосундагы карым-катнаштар эң жогорку деңгээлде.

958379
Алиевдин Түркиядагы жолугушуулары

Түркия Улуттук Улуу Жыйынын Төрагасы Исмаил Кахраман, Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен жолукту.

Анда сөз сүйлөгөн Алиев, Азербайжан менен Түркиянын ортосундагы карым-катнаштардын эң жогорку деңгээлде экенин айтты.

Бири-бирине мынчалык жакын башка өлкө жок экенин баса белгилеген Алиев, бул карым-катнаштардын тарыхый байланыштарга негизделгенин билдирди.

Президент Алиевдин сөз сүйлөөсүнөн кийинки жолугушуу жабык эшик артында уланды.



Тектеш кабарлар