Түркия - Катар машыгуусу
Катардын жетекчилигинде Шахин - 20 машыгуусу Түркиянын да катышуусу менен 22 – 29 - апрелде өткөрүлөт.
955518
Башкы штабдын төрагалыгынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Катардын жетекчилигиндеги Шахин - 20 машыгуусу 22 – 29 - апрелде өткөрүлөт.
Машыгуу менен Түркия жана Катар аба күчтөрүнүн ортосунда достук, кызматташтык, координация жана бирдикте иштөөнүн өнүктүрүлүшү, бири бири менен маалымат жана тажрыйба бөлүшүү максат кылынууда.
Машыгууга аба күчтөрү командирлигинен 3 Ф - 16 учагы жана колдоочу элементтер менен Түрк - Катар бириккен күч командирлигинин кызматкерлери катышат.