Түркиянын ЕБнин отчетуна каршылык көрсөтүүсү

Тышкы иштер министрлиги тарабынан жазуу түрүндө берилген жарыяда, ЕБ Комиссиясынын «2018-жыл үчүн Түркия мамлекетинин» отчетуна катуу каршылык көрсөтүлдү.

953815
Түркиянын ЕБнин отчетуна каршылык көрсөтүүсү

Түркия, Европа Биримдиги Комиссиясы тарабынан даярдалган Түркия отчетунун обьективдүү жана тең салмактуу болбогонун белгилеп өттү.

Тышкы иштер министрлиги тарабынан жазуу түрүндө берилген жарыяда, ЕБ Комиссиясынын «2018-жыл үчүн Түркия мамлекетинин» отчетуна катуу каршылык көрсөтүлдү.

Министрликтин жазуу түрүндөгү жарыясында, «Тилекке каршы ЕБ Комиссиясы, өтүп жаткан мезгилдин татаалдыктарын түшүнүүнү каалабаганын бул отчетто көрсөттү. Көп жолу бардык документтер менен түшүндүргөнүбүзгө карабастан Комиссия, обьективдүү жана тең салмактуу болгон жок»,делди.

Түркиянын ПКК, ДЕАШ жана ФЕТӨ баш болгон бир убакта бир топ террордук уюмдар менен күрөшүп жатканын эске салган жарыяда, буларга орун берилди: «Отчетто мамлекетибизге, парламентибизге жана улутубузга мыкаачылык кол салууну кылган ФЕТӨ коркунучуна токтолбоосун жаман кемчилик катары көрүүдөбүз. Отчетто өзгөчө 15-июль төңкөрүш аракетинен кийин Түркиянын бул коркунучтарга карата ылдам жана ченемдүү чараларды көрүүгө карай мыйзамдуу укугунун жаңылынышына карабастан документтин бир топ жеринде, тийиштүү чөйрөлөрдөн алынган негизсиз айтымдар жана айыптоолорго да орун берилгени көрүнүп турат...Отчетто өлкөбүзгө багытталган бир канча жалпы мүнөздөгү айтымдар, айыптоо жана жорумдардын кабыл алынышы мүмкүн эмес».

Жарыяда Түркиянын террор уюмдарына карай чара көрүүлөрүнүн, ЕБ өлкөлөрүнө да пайдасы тийгени баса белгиленип, «Террор уюмдарына карай көргөн чараларыбыз маанилүү, негизинен өзүбүздүн улуттук коопсуздугубуз менен катар ЕБ өлкөлөрүнүн да коопсуздугуна да чоң салым кошулууда. Ушул себеп менен ПКК/ПЙД/ЙПГнын ЕБ өлкөлөрүнүн өз мамлекеттик тартиптери жана коопсуздугу үчүн олуттуу коркунуч экенин дагы бир жолу эске салуу туура болот»,деген сереп салынды.

Министрлик жарыясында Эгейде акыркы убакта күчөгөн чыңалуу жана бул жагдайда ЕБнин мамилесине да токтолуп, «ЕБнин «Биримдик колдошуусу» шылтоосу менен эгемендик темаларындагы араздашууларда өзүн ыйгарым укуктуу судья же сот сыяктуу көрүп өкүм чыгарууга аракет кылышы, кескин түрдө жаңылыш жана кабыл алынгыс»,-делди.

ЕБнин Түркия отчетундагы Кипр маселеси тууралуу жорумдарга карай да «ЕБнин Кипр темасында көрүнүп турган жаңылыш негиздеги көз караштарынын кайталануусунан ашып өткөн жок»,деп берди.

Анда, «Зайтун бутагы» кыймылына карай ЕБнин шилтеме кылууларына да токтолуп, операциянын Түркияга карай террор коркунучунун мизин майтаруу максатында мыйзамдуу өзүн коргоонун негизинде жүргүзүлгөн террор менен күрөшүү кыймылы болгонуна орун берилип, «Бул операция террор менен күрөшүүнүн жарандарга зыян тийгизбестен кандай жүргүзүлө турганы темасында үлгү болуп саналат. Терроризм менен күрөшүүнүн ийгилиги үчүн ЕБ менен кошо бардык эл аралык коомчулуктун чынчыл мамиле кылышы жана террордук уюмдардын арасында айырмалоо жасоодон арылышы керек»,деген сереп салынды.

ЕБ Комиссиясынын Түркия менен ЕБнин ортосундагы визасыз тартип диалогу жана Бажы Биримдигинин жаңылануусу темаларындагы обьективдүү жана конструктивдүү мамилеси эске алынаарын, ЕБнин калган тийиштүү мекемелеринин бул темаларды жыйынтыктоого карай иштерин аткарууга чакырылганы айтылган жарыяда Түркиянын бул темаларда милдетин орундатканы белгиленди.

Анда, «Түркиянын кошулуу процессин жасалма жана саясий блоктор менен тоскон ЕБнин, Түркиянын ЕБнен алыстаганын айтышы чынчылдык эмес»,делди.

Жарыяда айрыкча отчеттун Түркия чындыктарын түшүнүүдөн жана ушундан улам да максатына ылайык кызмат кылуудан алыс турганы баса белгиленди.



Тектеш кабарлар