Президент Эрдогандан атайын билдирүү

Президент Эрдоган : «Маркум президентибиз Өзалды өлүмүнүн 25 -  жылында урмат – сый менен эскерем».

953366
Президент Эрдогандан атайын билдирүү

Президент Р. Т. Эрдоган 8 -  президент Тургут Өзалдын өлүмүнүн 25 жылдыгынан улам билдирүү жарыялады. Эрдоган билдирүүсүндө Өзалдын ар дайым урмат  - сый менен эскерилерин белгиледи.

Тургут Өзалдын Түркиянын өнүгүү процессинде маанилүү роль ойногон тандамал мамлекеттик ишмер жана саясатчы экендигин айткан президент Эрдоган Тургут Өзалдын ар дайым урмат  - сый менен эскерилерин белгиледи.

Өзалдын Түркияга кошкон салымы жана аткарган иштери менен бирге 1980 -  жылдарда демократиянын кайрадан жандануусуна кошкон салымы менен да улуу улуттун  арасында өзгөчө орунга ээ экендигин баса белгиледи.

Президент Эрдоган : «Маркум президентибиз Өзалды өлүмүнүн 25 -  жылында урмат – сый менен эскерем»,- деди.



Тектеш кабарлар