Маданият жана туризм министри Кытайда

Нуман Куртулмуш Кытайдын жакынкы мезгилде Түркиянын негизги туризм өнөктөштөрүнөн болорун айтты.

953315
Маданият жана туризм министри Кытайда

Маданият жана туризм министри Нуман Куртулмуш Кытайдын жакынкы мезгилде Түркиянын негизги туризм өнөктөштөрүнөн болорун айтты.

Маданият жана туризм министри Нуман Куртулмуш Кытайда «Түркия туризм жылынын» негизинде жолугушууларды өткөрүү үчүн барган Пекинде Кытай туризм жана саякат жарманкесине катышты.

Түркия стендин барып жетекчилерден таанытуу иштери жана Кытай туризм базарынын Түркияга болгон кызыгуусуна байланыштуу маалымат алган Куртулмуш башка өлкөлөрдүн стенддерин да кыдырды.

Жолугушуулардан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берген Нуман Куртулмуш Түркия туризм жылынын негизинде жалпы Кытайдан 60тан ашуун иш чара жана таанытуу иш чаралардын өткөрүлгөндүгүн айтып Түркия менен Кытайдын бири бирине географиялык жактан алыс бирок маданий жактан жакын эки өлкө экендигин белгиледи. Куртулмуш : «Түркия Азиянын Европага ачылган каалгасы, Кытай да Азиянын чыгышындагы чоң бир өлкө»,- деп эки өлкөнүн да кенен  цивилизациялык тажрыйбага ээ экендигин айтты.

 

2018 -  жылы Кытайдан Түркияга келген турист санын өстүрүү үчүн иштерди аткарууну улантышарын билдирген Куртулмуш: «Өткөн жылы Түркияга 250 миңге жакын кытайлык турист келди. Бул санды бул жылы 500 миңге чыкпашы үчүн эч бир себеп жок»,- деди.

«Түрк аба жолдорунун Кытай жыштыктарын көбөйтүүсү менен жана бул өлкөдөгү аба жолу фирмаларынын Түркияга түздөн түз каттамдарын башташын каалоо менен Түркияга дагы көп туристтин келишинин жолун ачабыз»,- деди.

Туризм жылы иш чаралары менен жетишилген ылдамдыктын келерки жылдарда улантылышын каалашкандарын айткан Куртулмуш : «Кытай жакынкы мезгилде Түркиянын негизги туризм өнөктөштөрүнүн бирөөсү болот»,- деди.

 



Тектеш кабарлар