Түркия көп сандаган террордук кол салууга дуушар болду

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг, Түркия радио-телеберүү мекемесинин (ТРТ) атайын мейманы болду.

952779
Түркия көп сандаган террордук кол салууга дуушар болду

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг, Түркиянын мыйзамдуу коопсуздук санааркоолорун эске алуу менен операция жүргүзүүсүнүн нормалдуу болгонун айтты.

Йенс Столтенберг, Түркия радио-телеберүү мекемесинин (ТРТ) атайын мейманы болду. Анкарада жолугушууларды өткөргөн НАТОнун баш катчысы ТРТнын Тышкы жаңылыктар боюнча директору Ахмет Гөрмездин суроолоруна жооп берди.

Сириянын Африн аймагында жикчил террор уюму ПКК/ПЙД-ЙПГ жана ДЕАШка мүчө террористтерге каршы Түркиянын жүргүзгөн күрөшүнө сереп салган Столтенберг: «Сирия жана Ирактын ичинде активдүү топтор бар жана Түркия көп сандаган террордук кол салууга дуушар болду. Ошол эле убакта Сирияда аянтта орун алган аймактарда да Түркия менен жолугушуулары темасында чакырык салабыз. Сириянын түндүгүндөгү абал абдан баш аламан жана көйгөйлүү»,- деп айтты.

НАТОнун баш катчысы Сириянын түндүгү тууралуу Анкара-Вашингтон багытындагы диалогго көңүл бурду.

«НАТОнун шериктеши болгон Түркиянын ДЕАШтын кол салууларынан олуттуу түрдө ыздырап чеккенин билебиз. Түркия миллиондогон качкынды багып жатат. Бул да албетте Түркиянын коопсуздук санааркоолорунун артышына себеп болууда»,-деди.

Сирияда ишембинин таңында АКШ, Франция жана Англия тарабынан жүргүзүлгөн операцияга токтолгон Столтенберг, Башар Асад режимине карай операция үчүн «керектүү болчу» белгисин берди.

Чектелген операция үчүн, «Бул кадамдын ташталышы керек болчу»,деп айткан Столтенберг: «Бул кол салуу химиялык жөндөмдүүлүктү толугу менен жок кылган жок. Бирок жасалышы керек болгон ушул эле. Анткени бул кылынгандар, Сириянын химиялык көлөмүн азайткан болууда жана ошол эле учурда абдан маанилүү, күчтүү белгини да берген болот»,-деди.

Столтенберг, Сирия кризисинин аскердик кийлигишүүлөр менен эмес, саясий макулдашуу менен чечиле ала турганына ишенгендерин айтты.



Тектеш кабарлар