Президент Эрдоган дүйнө жүзүнө чакырык салды

Эрдоган Стамбулда сөз сүйлөдү.

952571
Президент Эрдоган дүйнө жүзүнө чакырык салды

Президент Режеп Таййип Эрдоган, дүйнө жүзүнө жаңы тынчтыктын пайдубалын түптөө чакырыгын салды.

Эрдоган Стамбулда Глобалдык демилгечилик конгрессинде сөз сүйлөдү.

Сөзүндө Сириядагы карапайым элдин жабыркап жатканын баса белгилеген Эрдоган: «Биз мындай дейт элек, келгиле бул дүйнөдө жаңы тынчтыктын пайдубалын түптөйлү»,- деп айтып, туш келди бомбалоолор менен жана баррель бомбалары менен кол салган өлкөлөргө чакырык салды.

Күнөөсүз адамдардын жабыркашына себепчи болгон өлкөлөрдүн тынчтыктан сөз кылгандарын белгилеген Эрдоган, дүйнө лидерлерин чынчыл жана ыкластуу болууга чакырды.

Ишемби күнү эртең менен Сирияда химиялык курал колдонгон Башар Асад режимине карай АКШнын жетекчилигинде жүргүзүлгөн операцияга да токтолгон Эрдоган: «Кадимки куралдар менен көз жумгандарды эске албай, бир гана химиялык куралдар менен өлтүрүлгөндөрдү карашты, ушундай да адилеттүүлүк болобу?»,-деди.

Түркиянын баш калкалоочулар үчүн ушул учурга чейин 31 миллиард доллар жумшаганын айткан Эрдоган, Европа Биримдигинин баш калкалоочулардын муктаждыктары үчүн  Түркияга 6 миллиард евро берүүнү убада кылганын бирок бул убадасын орундатпаганын айтты.

Эрдоган: «Эч кимди зулумдардын ырайымсыздыгына же болбосо деңизде чөгүшүнө таштап кетпей ар кимге каалгабызды ачтык. Бул адамдык сапатыбызды жоготкон жокпуз. Өлкөбүзгө келген качкындардын себеби болгон, өлкөбүзгө келген коркунучтардын булагы болгон террордук уюмдарга каршы чечкиндүүлүк көрсөттүк»,-деди.



Тектеш кабарлар