Столтенберг Анкарага келе жатат

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг бүгүн 16-апрелде Түркияга расмий сапар менен келет.

951830
Столтенберг Анкарага келе жатат

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг бүгүн 16-апрелде Түркияга расмий сапар менен келет.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда, Столтенберг президент Режеп Таййип Эрдоган, тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу, коргоо министри Нуреттин Жаникли жана башкы штабдын төрагасы Хулиси Акар менен жолугат.

Башкы катчынын жолугушуусунда, Түркия-НАТО карым-катнаштары, Түрк куралдуу күчтөрүнүн Сириянын Африн аймагында жүргүзгөн «Зайтун бутагы» операциясы, терроризмге каршы күрөш, 2018-жылдагы Брюссель саммитине даярдыктар жана аймактык маселелердин күн тартипке коюлушу күтүлүүдө.

Сапарда ошондой эле АКШ, Франция жаа Англиянын Сирияда Асад режимине карай абадан жүргүзгөн операциясы да каралат.



Тектеш кабарлар