Эрдоган менен Путин телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү

Телефондогу сүйлөшүүдө Сирия маселеси каралды.

951622
Эрдоган менен Путин телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган менен Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрүштү.

Президенттик маалымат булактарынан алынган маалыматка караганда телефондогу сүйлөшүүдө, АКШ,Англия жана Франциянын Сирия режимине карай жүргүзгөн кыймылы туурасында пикир алмашылды.

Эрдоган, Түркиянын химиялык курал колдонуусун эбактан бери айыптаганын белгилеген сүйлөшүүдө, аймактагы курч кырдаалды дагы да чыңалтпоо керектиги баса белгиленди.

Сирияда аянттагы чыңалуунун азайтылышы жана маселеге саясий чечүүчү жол табылышы үчүн биргелешкен аракет жумшоону улантуу чечкиндүүлүктөрүн тастыктаган эки лидер, керек болсо эки тараптуу темаларда, керек болсо аймактык темаларда жакын байланышта болууну улантуу боюнча макулдашышты.

Эске сала кетсек; Президент Режеп Таййип Эрдоган, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) реформаланышы керектигин «Дүйнө жүзү бештен чоң» урааны менен көптөн бери айтып келет жана бул уюмдун коопсуздук кеңешиндеги 5 туруктуу мүчө өлкөлөр дүйнө жүзүнүн бардыгы үчүн чечим чыгара албай турганын айтып туруктуу мүчөлөрдүн курамына мусулман өлкөлөрдүн да кошулушу керектигин айтат. БУУнун коопсуздук кеңешинде токтом долбоорунун кабыл алынышы үчүн туруктуу 5 мүчөдөн эч бириси вето укугун колдонбошу керек. Акыркы мисалда көрүнгөнү сыяктуу Орусия вето укугун колдонгондугу үчүн Сирия режиминин химиялык курал колдонуп колдонбогонун изилдей турган механизм Сирияга жөнөтүлө алган жок. Ошондуктан АКШ күтүп олтурбай Англия менен Францияны өзүнө кошуп алып Сирияны атты. Мына ушундайча БУУнун коопсуздук кеңеши дүйнө жүзү үчүн чечим чыгарган эмес, аны дагы да татаалдаткан уюм экенин дагы бир жолу далилдеген болду.

Ал эми Чыгыш Гутанын Дума аймагында болсо химиялык курал менен кол салуунун айынан 78 киши каза тапканы аттын кашкасындай көрүнүп турду. 

 

 


Этикеткалар: #Эрдоган , #Путин

Тектеш кабарлар