Эрдоган Батышты эскертти

Эрдоган: «Сириядагы операцияларыбыз Башар Асад режиминин кысымындагы миллиондогон адамдын коопсуздугун камсыздап жатат»

950020
Эрдоган Батышты эскертти

Президент Эрдоган, жикчил террордук уюм ПККнын Сириядагы уландысы ПЙД-ЙПГге колдоо көрсөткөн Батыш өлкөлөрүн дагы бир жолу эскертти.

Эрдоган, Анкара Каяш поезд станциясында өткөрүлгөн Башкентрай ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

Эрдоган сөз сүйлөөсүндө, Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Сириянын Африн аймагында жикчил террордук уюм ПКК/ПЙД-ЙПГ жана ДЕАШка мүчө террористтерди жок кылуу, дос жана боордош аймак элин кысым жана зулумдуктан куткаруу үчүн 20-январда баштаган «Зайтун бутагы» операциясына токтолду.

«Сириядагы операцияларыбыз Башар Асад режиминин кысымындагы миллиондогон адамдын коопсуздугун камсыздап жатат»,-деген Эрдоган: «Сириядагы ар ким үчүн коопсуздук камсыздалга дейре ошол жерде болобуз. ДЕАШка каршы жалгыз күрөштү Түркия жүргүздү. Ар ким ар түрдүү максаттарын орундатуу үчүн ДЕАШты колдонду. ПЙД сыяктуу канкор уюмдар ДЕАШка каршы күрөшүү шылтоосу менен аймакка жөнөтүлдү. Көптөгөн батыштык достордун желектерин булардын танкаларынын жанында көрүп жатабыз. Куткара ала тургандарын ойлошот бирок жаңылып жатышат»,-деп айтты.

Эрдоган операциянын алкагында ушул учурга чейин 4 миң123 террористтин жок кылынганын айтты.

Сириянын түндүгүндө батыштык өлкөлөрдүн колдоосун алган ПКК/ПЙД-ЙПГ менен күрөшүүнүн улана турганын баса белгилеген Эрдоган: «Кандай болсо да жок кылабыз. Шериктеш өлкөлөрдүн аскерлерине курал такабайбыз бирок шериктеш өлкөлөрдүн аскерлеринин булардын жанында көпкө турушун сунуштабайбыз. Сирияда ар кимдин маскаларын чечүүсүн жана өзү сыяктуу көрүнүүсүн каалайбыз»,-деди.



Тектеш кабарлар