Түркия, ФЕТӨнүн акыркы чыккынчы мүчөсү юстицияга жооп бергенге дейре күрөшөт

Эрдоган, расмий сапар менен кечээ Түркияга келген Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен бетме-бет жана делегациялар аралык жолугушуусунан кийин биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

947963
Түркия, ФЕТӨнүн акыркы чыккынчы мүчөсү юстицияга жооп бергенге дейре күрөшөт

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Түркия, ФЕТӨнүн акыркы чыккынчы мүчөсү юстицияга жооп бергенге дейре өлкө ичи жана өлкө тышында бул уюм менен күрөшүүсүн улантат»,-деди.

Эрдоган, расмий сапар менен кечээ Түркияга келген Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен бетме-бет жана делегациялар аралык жолугушуусунан кийин биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

Жээнбековду Түркияда тосуп алгандыгы үчүн кубанычтуу экенин айткан президент Эрдоган, Жээнбековду президенттик шайлоодогу жеңишинен улам куттуктады.

Кыргызстандын президентинин шайлоодон кийин чет өлкөгө алгачкы сапарларынан бирин Түркияга жасаганына көңүл бурган Эрдоган, ушул маанилүү сапар үчүн ырахматын айтты.

Президент Эрдоган эки өлкөнүн ортосундагы жакын кызматташтыктын (Фетуллахчы террор уюму ФЕТӨнүн) 15-июлдагы (2016) төңкөрүш аракетинен кийин ар түрдүү сыноолорго туш болгонун айтып: «ФЕТӨ таасири астындагы айрым кишилер аркылуу бул кызматташтыгыбызды ууландырууга, динамит коюуга жана жолунан чыгарууга аракет кылды. ФЕТӨнүн мүчөлөрү жана ага берилген кишилер, Түркия менен Кыргызстандын ортосуна чагым салыш үчүн ар түрдүү мыкаачылыкты, чыккынчылыкты кылышты. Президент Жээнбековдун сапарын ФЕТӨнүн бул аракеттерине каршы эң сонун жооп деп эсептейм. Түркия, ФЕТӨнүн акыркы чыккынчы мүчөсү юстицияга жооп бергенге дейре өлкө ичи жана өлкө тышында бул уюм менен күрөшүүсүн улантат. 251 адамыбыздын канын төккөн, бир гана ушул комплекстин айланасында 29 атуулубузду шейит кылган бул мыкаачылардын ээн-эркин жүрүшүнө кескин түрдө уруксат бере албайбыз»,-деп айтты.

Бул маселенин Түркия үчүн түшүнүгүнүн түрк-кыргыз карым-катнаштарынын келечеги жагынан маанисине басым жасагандарын белгилеген Эрдоган: «Урматтуу Жээнбековдун ФЕТӨ темасында дагы кылдат мамиле кылып, ылдам түрдө чараларды көрөт деп ишенем. Биз да ФЕТӨ менен күрөшүү боюнча тийиштүү бөлүмдөрүбүз менен ага жардам беребиз»,-деп айтты.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, президент Эрдоган менен конструктивдүү жана жемиштүү жолугушууларды өткөргөнүн белгилеп, «Боордош Түркия Республикасы менен болгон туугандык жана өнөктөштүк карым-катнаштарынын өнүктүрүлүшүнүн биз жүргүзгөн саясаттын эң алдыңкы багыты болгонун өзгөчө баса белгилегим келет»,-деп айтты.

Маалымат жыйынын алдында Эрдоган жана Жээнбековдун карамагында эки өлкөнүн ортосундагы келишимдерге кол коюу аземи өттү.

Ушул алкакта Түркия Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 6 келишимге кол коюлду.



Тектеш кабарлар