Түркияда камакта турган грек аскерлери айырбашталбайт

Йозгатта жолугушууларды өткөргөн Боздаг, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

946780
Түркияда камакта турган грек аскерлери айырбашталбайт

Вице-премьер Бекир Боздаг, Түркияда камакта турган грек аскерлеринин айырбашталбай турганын айтты.

Йозгатта жолугушууларды өткөргөн Боздаг, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Боздаг, 1-мартта Эдирнеде күзөт кылып жүргөндө чек араны бузгандары үчүн камакка алынган 2 грек аскери тууралуу суроолорго жооп иретинде, «Түркияда камакта турган грек аскерлери айырбашталбайт»,-деди.

«Аскердик тыюу салуу аймагына кирүү» кылмышы менен камакка алынган 2 грек аскеринин түшүндүрмө берүүлөрүндө, карда көргөн аяк издерин ээрчип байкоолорунун натыйжасында Түркия тарапка өтүп кеткендерин жана чөнтөк телефондорундагы видео жана сүрөттөрдү өздөрүнөн жогорку даражалууларга жиберүү максатында тарткандарын айтышкан.

Аскерлердин чөнтөгүнөн чыккан флэш-дискте аскердик крокилер белгиленген. Аскерлердин чөнтөгүнөн айрыкча 2 чөнтөк телефону менен аскердик кабарлашууда колдонулган криптолуу телефон чыккан.



Тектеш кабарлар