ТККда ANKA-Sтердин саны 6га жетти

ANKA-Sтердин Аба күчтөрү командирлигиндеги саны 6га жетти.

946890
ТККда ANKA-Sтердин саны 6га жетти

Учкучсуз учуучу аппарат ANKA-Sтердин Аба күчтөрү командирлигиндеги саны 6га жетти.

Коргоо өнөр жайы кеңешчилигинин жазуу түрүндөгү жарыясында учкучсуз учуучу аппарат ANKA-Sтердин күн-түн дебей, жаман аба шарттарына карабастан байкоо, чалгындоо, туруктуу жана кыймылдуу буталарды белгилөө,аныктоо жана байкоо максаттуу, чыныгы убакыттуу көрүнүш чалгындоосу милдетин аткарууга карай өнүктүрүлгөнү жана улуттук спутниктер аркылуу башкарылуу өзгөчөлүгүнө ээ болгону белгиленди.

Анда, учкучсуз учуучу аппараттардын Түрк куралдуу күчтөрүнүн (ТКК) байкоо, чалгындоо, туруктуу жана кыймылдуу буталарды белгилөө,аныктоосун камсыздаш үчүн SSM менен Түрк авиация жана космостук өнөр жай акционердик коомунун арасында түзүлгөн келишимдин алкагында жасалып чыкканы маалымдалды.

Анда үстүбүздөгү жылдын ичинде Аба күчтөрү командирлигине тапшырылган жана операциялык аянтта таасирдүү колдонулган ANKA-Sтерге 2 даана дагы кошулганы жана ушундайча  ANKA-S санынын 6га жектени маалымдалды.

SSMдин жеке менчик сектор менен болгон келишиминин алкагында чыгарылган берки учкучсуз учуучу аппараттар BAYRAKTAR TBдан ушул убакка дейре 46 даанасы коопсуздук күчтөрүнө тапшырылып берилгени белгиленген билдирүүдө, ушундайча коопсуздук күчтөрүнүн инвентарындагы учкучсуз учуучу аппараттардын санынын 52ге жектени белгиленди.

Жарыяда, жергиликтүү жана улуттук мүмкүнчүлүктөр менен чыгарылган учкучсуз учуучу аппараттар ANKA-S жана BAYRAKTAR TB2лердин жасалып чыгышына коопсуздук күчтөрүнүн муктаждыктары боюнча улантыла турганы баса белгиленди.



Тектеш кабарлар