Тунжелиде 7 террорист жок кылынды

Аймакта жана жалпы шаарда террористтердин табылып, жок кылынышына карата операциянын чечкиндүүлүк менен улантылары баса билдирилди.

944844
Тунжелиде 7 террорист жок кылынды

Тунжели облусунун Пүлүмүр элетинде ички коопсуздук операцияларында араларында изделген террористтер тизмесинде орун алган Эрзурум боюнча жооптуусу да болгон 7 террорист жок кылынды.

Ички иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Тунжелинин Пүлүмүр элетинде жүргүзүлгөн операцияларга байланыштуу маалымат берилди. Аймакта  ишке ашырылган ички коопсуздук операцияларынын негизинде жандармериянын атайын кыймыл бөлүктөрү тарабынан 7 террорист жок кылынды. Жок кылынган террористтердин арасында Эрзурум аймагынын жооптуусу «Панзер Кемал» псевдоним аттуу Медени Сайылгандын да бар экендиги такталды.

Аймакта операциялардын чечкиндүүлүк менен улантылып жаткандыгы белгиленди.

 



Тектеш кабарлар