Бурса Европа жашыл борбор шаар талапкери
«Европа жашыл борбор шаар» талапкерлеринин арасына 12 өлкөдөн 13 шаар кирди.
Европа Комиссиясынын 2010 - жылдан бери жыл сайын экологиянын досу болгон шаар турмушун колдоо үчүн өткөрүлгөн жана ушул күнгө чейин Европа өлкөлөрүнөн 10 шаар жетишкен «Европа жашыл борбор шаар» конкурсунун 2020 – жылдагы талапкерлеринин арасында Түркиядан бир гана Бурсанын орун алгандыгы билдирилди.
Бурса мэрдигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта ушул күнгө чейин 10 шаар «Жашыл борбор шаар» деген атка ээ болгон «Европа жашыл борбор шаар» конкурсунун 2020 – жылдагы талапкерлеринин арасына 12 өлкөдөн 13 шаардын киргендиги билдирилди. Бул шаарлардын арасында мындан мурда «Тарых борбор шаары» болгон Бурсада да орун алды.
Европа Комиссиясынын «Европа жашыл борбор шаар» конкурсунда Түркия, Англия, Венгрия, Бельгия, Португалия, Финландия, Чех республикасы, Италия, Испания, Эстония, Исландия менен Польшадан 13 шаар болот. Талапкерлик процессинде Европа комиссиясы тарабынан белгиленген адистер тарабынан талапкер шаарлардын кайрылуулары техникалык жактан иликтенет.
Апрель айынын акырына карай кыска тизмеге алынган шаарлар билдирилет. Кыска тизмеге кирген шаарлар жюриге сунуштарын киргизет жана июнь айында сыйлыкка ээ болгон шаарлар билдирилет. Биринчилики ала турган шаарга 350 миң евро акчалай сыйлык берилет.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Казакстандын премьер-министрин кабыл алды
Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Анкарага келди.