Андрей Карлов кол салуусунда жаңы абал ортого чыкты

Эскерте кетсек Андрей Карлов 2016 – жылы 19 -  декабрда Анкарада кол салууда каза болгон.

945204
Андрей Карлов кол салуусунда жаңы абал ортого чыкты

Орусиянын Анкарадагы мурунку элчиси Андрей Карлов кол салуусунда жаңы абал ортого чыкты.

Кол салуучу Фетуллахчы террордук уюмдун мүчөсү Мевлүт Мерт Алтынташтан уюм үчүн жооптуу болгон информатика технологиялары жана байланыш мекемесинин мурунку кызматкери камоого алынды. Камоого алынган Информатика технологиялары жана байланыштары мекемесинин мурунку кызматкеринин уюмдун ичинде Алтынташтан жооптуу киши экендиги аныкталды.

Териштирүүнүн негизинде бир канча күн мурда да араларында ФЕТӨ башчылары да болгон 8 киши тууралуу камоо чечими чыгарылган болчу.

Анкара республикалык башкы прокурору тарабынан жүргүзүлгөн териштирүүдө 8 шектүү киши «конститутциялык тартипти ортодон жок кылууга аракет кылуу» жана «террор максатында долбоорлоп киши өлтүрүү менен» күнөөлөнүүдө.

Эскерте кетсек Андрей Карлов 2016 – жылы 19 -  декабрда Анкарада кол салууда каза болгон.



Тектеш кабарлар