Вице - премьер Режеп Акдаг Японияда

Вице  - премьер Режеп Акдаг Япониядагы жолугушууларында сейсмологиялык изоляция технологияларына байланыштуу маалымат алды жана кээ бир расмий жолугушууларды өткөрдү.

943424
Вице  - премьер Режеп Акдаг Японияда

Вице  - премьер Режеп Акдаг Япониядагы жолугушууларында сейсмологиялык изоляция технологияларына байланыштуу маалымат алды жана кээ бир расмий жолугушууларды өткөрдү.

Бридгестондун Токиодогу борбордук имаратына барган Акдаг Түркияда жер титирөөгө чыдамдуу имараттын курулушу жана сейсмологиялык технологиялардын колдонулушуна байланыштуу пикир алышууларда болду. Акдаг япон фирмасынын өкүлдөрү менен бул тармактагы потенциалдуу кызматташтык темаларын да карап чыкты.

Вице  - премьер Акдаг Түркияда имарат -  жер титирөөнү башкарууда киргизиле турган өзгөртүүлөр тууралуу маалымат берип, бул тармакта алып келине турган эрежелер менен Түркиянын сейсмологиялык изоляциянын колдонулушу үчүн маанилүү кадамдарды таштай тургандыгын билдирди.

Оболу саламаттык сактоодо жайылтылышы пландалган технологиянын өнүктүрүлүшү үчүн Түркияда коомдук  - менчик орток демилгеси менен тест борборлорунун курулугушун маанисин белгилеген Акдаг бул тууралуу иликтөө жүргүзүшөрүн баса белгиледи.

Вице  - премьер Акдаг расмий жолугушууларынын негизинде  өзөчө апаатты башкаруу боюнча  жооптуу мамлекеттик министр Хачиро Оконоги жана кары  - картаңдарды багуу боюнча жооптуу мамлекеттик министр Масажи Матсуйама менен жолугушту.

Акдаг Япония жолугушууларынын негизинде Токои губернаторлугунун изилдөө – куткаруу тобунун аба борборуна барып чукул жардам жана операцияларына байланыштуу иликтөө жүргүздү. Топтун кырсыктан кийин чукул кийлигишүүдөгү биринчи жардам машыгуусун көргөн Акдаг колдонулган чукул жардам жана өрт өчүрүү каражаттары, тик учар жана абадан аркандын жардамы менен биринчи жардам операцияларынын кандай жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу маалымат алды. Министр Акдаг андан кийин жер, базис, транспорт жана туризм министри Кейчи Ишии менен жолугушту. Жолугушууга байланыштуу маалымат берилген жок.

Режеп Акдаг Япониянын эң чоң электр фирмасы  TEPCOнун Токиодогу борбордук имаратына да барды.



Тектеш кабарлар