Өтмүштө армяндарды көкүткөн Франциянын жаңы далалаты...

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчиси Эрдоган, партиясынын Аданадагы кезектеги 6-облустук конгрессинде сөз сүйлөп, Франциянын жикчил террор уюму ПКК/ПЙД-ЙПГнын корбашчыларын тосуп алууларына катуу каршылык көрсөттү.

942164
Өтмүштө армяндарды көкүткөн Франциянын жаңы далалаты...

Президент Режеп Таййип Эрдоган, өтмүштө армяндарды көкүткөн Франциянын ошондой эле оюнду башкалары үчүн жасоонун далалатында экенин айтты.

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчиси Эрдоган, партиясынын Аданадагы кезектеги 6-облустук конгрессинде сөз сүйлөп, Франциянын жикчил террор уюму ПКК/ПЙД-ЙПГнын корбашчыларын тосуп алууларына катуу каршылык көрсөттү.

Эрдоган, Францияга шилтеме кылып Түркиянын Сирияда оюндарды бузган сайын бирөөлөр чыйпылдай баштаганын белгилеп өттү.

Сириядан аскерлерин чыгарып кете турганын айткан АКШнын Сирия саясатында аз да болсо айрым так өзгөрүүлөрдү байкап жаткандарын белгилеген Эрдоган, Франциянын айтымдарына болсо каршылык көрсөттү.

Африн аймагында коопсуз абалга айландырылган жерлерге сириялыктардын жайгаша баштаганын баса белгилеген Эрдоган: «Мындан мурда ДЕАШтан тазалаган аймактарга 160 миң сириялык тууганыбыз кайра кайтты, операциялар менен эркиндигин камсыздаган аймактарга сириялык туугандарыбыз кайтуусун улантат»,-деди.

Эрдоган, Тель-Рыфат жана башка аймактарга карай кыймылдын болсо уланганын белгиледи.

Сөзүндө палестиналыктарды кыргынга учураткан Израилге карай каршы чыгуусун уланткан Эрдоган, «Биздин басып алуучулук сыяктуу уяла турган нерсебиз жок эй Нетаньяху. Сен баскынчысың. Ал жерлерде баскынчы катары турасың. Ошол эле учурда сен террористсиң»,-деди.

Эрдоган: «Алдыгы карапайып палестиндерге сиздин кылгандарыңызды тарых жазып жатат. Муну эч качан унута алышпайт. Израиль калкы да сенин бул кылгандарыңан тынчсызданып жатат деп ишенем. Сен туруп алып биздин Африн операциябызга сөз айта тургандай кыраатта эмессиң. Эсиңди жыйып койгун. Биз барган жерге бир гана тынчтык, цивилизация жана сүйүү алып барабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар