Африн операциясын сындагандар Израилге эмне үчүн үн катышпайт?

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчиси Эрдоган, партиясынын Үмраниеде кезектеги 6-райондук конгрессинде сүйлөгөн сөзүндө, Израилдин палестиндерге карай кол салууларына токтолду.

941821
Африн операциясын сындагандар Израилге эмне үчүн үн катышпайт?

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Израиль бийлигин Газада палестиндерге карай адамкерчиликке жатпаган  кол салууларынын себебинен катуу айыптаганын айтты.

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчиси Эрдоган, партиясынын Үмраниеде кезектеги 6-райондук конгрессинде сүйлөгөн сөзүндө, Израилдин палестиндерге карай кол салууларына токтолду.

Эрдоган: «Түркиянын акыркы жылдардагы эң таза, эң ахлактуу аскердик операциясы болгон (Сирияда) Африн кыймылынын себебинен сындагандардын мисал үчүн  Израилдин Газада кечээки кылган кыргыны үчүн  бийик үн чыгарып каршы чыккандарын уктуңарбы? Кайда житип кетишти?»-деп сурады.

Эрдоган кечээ кечинде АКШнын президенти Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөгөнүн эске салып, «Уруматтуу Трампка да айттым; Буларга кийлигишпейсиңерби?»-дедим. Эч ким буларды көрбөй жатат. Биз болсо мындай кыргындардын ичинде эмеспиз. Газада өз жерлеринде  митинг өткөргөн адамдардын үстүнө оор куралдар менен ок жаадырган Израилге сөз айта албагандардын бизди көрө калгандары, чынчыл эместиктеринин эң чоң далили болуп саналат»,-деп айтты.

Франциянын президенти Эммануэль Макрондун жикчил террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ЙПГга мүчө террористтер менен жолугушуусуна да токтолгон Эрдоган: «Сиз НАТОдо чогуу болгон шериктешиңиз менен эмей эле террордук уюм менен чогуу кыймыл кылсаңыз, анда уланта бергиңиз. Сиз Элисей сарайында террористтерди коноктой аласыз. Дагы бирөө да ансыз деле Германияда, ал да Сарайда тосуп алууда. Соттолгон болсо дагы муну кылып жатат. Эмне кылсаңар кылгыла. Биз укуктан баш тартпастан, бул өлкөдөгү шейиттерибиздин укуктарын акырына дейре коргойбуз жана бул өлкөнүн территориясына снаряд аткандарды жоопко тартабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар