Эрдоган-Путин сүйлөшүүсү
Эрдоган, Орусиянын президенти Владимир Путин менен кечинде телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.
![Эрдоган-Путин сүйлөшүүсү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/9ef1/861b/498c/5ab9cf446c2bf.jpg?time=1718585517)
Президент Режеп Таййип Эрдоган, Орусиянын президенти Владимир Путин менен кечинде телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.
Президенттик маалымат борборунан алынган маалыматка ылайык президент Эрдоган, Кемероводогу соода борборунда 25-мартта болгон өрттө каза тапкандар үчүн Орусиянын президенти Владимир Путинге көңүл айтты.
Президент Эрдогандын орус калкына кайрат айткан телефондогу сүйлөшүүсүндө, эки тараптуу карым-катнаштарды бардык тармакта өнүктүрүү чечкиндүүлүгү тастыкталды. Сирия темасында Ирандын да катышуусу менен 4-апрелде Анкарада лидерлер деңгээлинде ишке аша турган үчтүк саммиттен улам бетме-бет да жолугушуу өткөрө турган президент Эрдоган жана Орусиянын президенти Путиндин аты аталган жыйналыш туурасында да пикир алмашкандары белгиленди.