Түркия-Европа Биримдиги саммити

Түркия-Европа Биримдиги саммити Варнада өткөрүлдү.

938206
Түркия-Европа Биримдиги саммити

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Европа Биримдиги (ЕБ) менен болгон карым-катнаштардагы татаал мезгилди артка калтыргандарын ойлогондорун айтты. Эрдоган, Болгариянын Варна шаарындагы Түркия-Европа Биримдиги саммитинен кийин биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

Эрдоган: «Глобалдык күч болуу идеясы болгон Европанын Түркияны кеңейүү саясаттарынын тышына түртүшү чоң жаңылыштык болот»,-деди.

ЕБ менен мурдагы жолугушууларда орток маселелердин чечилиши тууралуу эки тараптуу убадаларды бергендерин эске салган Эрдоган, Түркиянын тартипсиз көч баш болгон жоопкерчиликтерин ашыгы менен орундатканын айтты. ЕБ тарабынан Түркияда баш калкалаган сириялыктардын муктаждыктары үчүн Түркияга берүүнү убада кылган 3 миллиард евронун 1 миллиард 800 миллион евролук тилими которулганына басым жасаган Эрдоган: «Адамзат кризистеринде бюрократиялык шалаакылыкка орун жок»,-деди.

ЕБнин түрк жарандарына карай виза жеңилдиги темасында тез арада кадам ташташы керектигин да айткан Эрдоган: «Бул саясий маселеге айландырылбашы керек. Бажы биримдигинин жаңыланышы боюнча иштердин башталышы темасындагы күтүүбүздү да айттык»,-деди.

Сөзүндө террор менен күрөшүүгө да токтолгон Эрдоган: «Террорго каршы күрөшүүбүз бир эле убакта Европанын коопсуздугу үчүн. Террорго каршы операциялар керек болгон сайын улантылат»,-деп айтты.

ЕБи адилеттүү мамиле кылмайынча Кипр маселесинин чечилишине салым кошпой турганына да токтолгон Эрдоган: «Аралдын айланасындагы жаратылыш байлыктар тууралуу чечим чыгаруу механизмдерине кипрдик түрктөрдүн кошулушу, эл аралык укуктун талабы болуп саналат. ЕБин Кипр темасында адилеттүү болууга чакырабыз»,-деп айтты.

Эрдоган, глобалдык күч болуу идеясы болгон Европанын Түркияны кеңейүү саясаттарынын тышына түртүшү чоң жаңылыштык боло турганын да эскертип: «Келгиле Балкан өлкөлөрүндө чогуу иштешели, эл аралык темалардагы кызматташтыгыбызды кеңейтели»,-деди.



Тектеш кабарлар