Президент Эрдоган менен Франциянын президенти Макрон телефон аркылуу сүйлөшүштү

Сүйлөшүүдө эки тараптуу жана аймактык темалар каралды.

936494
Президент Эрдоган менен Франциянын президенти Макрон телефон аркылуу сүйлөшүштү

Президент Р. Т. Эрдоган Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президент Эрдоган Франциянын президенти Макрон менен сүйлөшүүсүндө Африн тууралуу негизсиз  маалыматтардын тынчсыздандыргандыгын айтты. Президенттик булактардан алынган маалыматтарга ылайык кечээ кечинде өткөн сүйлөшүүдө эки тараптуу жана аймактык темалар каралды.

Президент Эрдоган сүйлөшүүдө кесиптеши Макронго Франциянын түштүгүндө болгон жана жоготуулар болгон барымтага алуу кыймылы тууралуу көңүл айтты.

Президент Эрдоган Сириядагы акыркы абалдар тууралуу пикир алышууларда Түркиянын улуттук коопсуздугуна карата коркутууларды жок кылуунун негизинде Афринди террордон тазалагандыгын жана ал жердеги жарандык калкка тынчтык чөйрөсүн түзгөндүгүн баса белгиледи.

Эрдоган Кипр, Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги суутек булактары тууралуу Түркиянын жана Түндүк Кипр Түрк Респуликасынын мыйзамдуу укуктарынын сакталышы керектигин белгиледи. Ошондой эле дүйшөмбү күнү Венада өтө турган Түркия  - Европа Биримдиги лидерлеринин саммитине да токтолду.

Президент Эрдоган Түркия катары Европа Биримдиги менен карым  - катнаштарды ылдамдатуу, мүчөлүк процессинин кайрадан жандандырылышына маани беришкендерин белгиледи.



Тектеш кабарлар