Африн толугу менен колго алынды

«Бардык айылдар террористтерден тазаланып, Африндин баарында текшерүү колго алынды»

936693
Африн толугу менен колго алынды

Түрк куралдуу күчтөрү 20 -  январь ишемби күнү Афринге карата баштаган «Зайтун бутагы» операциясынын жүргүзгөн Афринде бардык айылдардын текшерүүгө алынгандыгын билдирди.

Түрк куралдуу күчтөрүнөн берилген маалыматка ылайык чек аралар менен аймакта коопсуздук жана ырааттуулукту түзүү, Африн аймагында ПКК/КЖК/ПЙД –ЙПГ жана ДЕАШ террористерин жок кылуу, дос жана боордош аймак калкын террордук уюмдун кысым жана зулумчулугунан куткаруу үчүн 20 -  январь ишемби күнү саат 17де башталган «Зайтун бутагы» операциясы улантылууда.  Маалыматта : «Түркиянын эл аралык мыйзамдуулуктан чыккан укуктары, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин террор менен күрөшүүгө карата чечимдери менен БУУнун келишиминин 51 -  беренесинде орун алган мыйзамдуу коргонуу укугунун негизинде улантылып жаткан операцияда Сириянын жеринин бүтүндүгүнө сый көрсөтүлүүдө»,- деп билдирилди.

Түрк куралдуу күчтөрүнөн Эркин Сирия Армиясы менен бирге жүргүзүлгөн операция тууралуу берилген маалыматта : «Бардык айылдар террористтерден тазаланып, Африндин баарында текшерүү колго алынды»,- деп айтылды.

Башкы штабдын төрагалыгынан берилген маалыматка ылайык операциянын негизинде Африн аймагы толугу менен алынды. Калктын коопсуз түрдө үйлөрүнө кайтышы үчүн керектүү чаралардын көрүлгөндүгүнө байланыштуу иштердин улантылып жаткандыгы билдирилди.

Ошол эле учурда түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Сириянын Африн аймагында жүргүзүлгөн "Зайтун бутагы" операциясынын башталышынан бери жок кылынган террорист саны 3733 болду.

Башкы штабдын төрагасы Хулуси Акар да берген маалыматында : «4 – 5  айыл калды. Нубл Зехра деп аталган Халептин эң четки жерине чейин барган Афринде текшерүүнү колго алган болобуз»,- деген.

 



Тектеш кабарлар