Кызылайдан Афринге жардам

Түрк Кызылайы Афринге караштуу Мабатлы аймагы менен кээ бир айылдардагы жарандарга азык  - түлүк, гигиеналык материалдарды жана балдар жалайыгын таркатты.

936205
Кызылайдан Афринге жардам

Түрк Кызылайы түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Сириянын Африн аймагындагы  «Зайтун бутагы» операциясынын негизинде террордон тазаланган Афринге караштуу Мабатлы аймагы менен кээ бир айылдардагы жарандарга азык  - түлүк, гигиеналык материалдарды жана балдар жалайыгын таркатты.

Түрк куралдуу күчтөрүнүн Сириянын Африн аймагында жүргүзүлгөн «Зайтун бутагы» операциясынын негизинде террористтерден куткарылган аймактардагы гуманитардык жардамдар улантылууда.

Ушунун негизинде Түрк Кызылайынын топтору Мабатлы аймагы менен Мирхан жана Мамалушагы айылдарына барып, жарандар менен жолугушту. Элдин кызыгуусун тарткан топтор 3 миң кишилик азык  - түлүк пакеттери, 3 миң кишиге гигиеналык комплект жана көп сандаган балдар жалайыгын таркатты. Жардамдардын үзгүлтүксүз улантылары билдирилди.



Тектеш кабарлар