Түркия террордук кол салууну айыптады

Кабулда кечээ Нооруз майрамы белгиленип жатканда террордук кол салуу болду.

935105
Түркия террордук кол салууну айыптады

Түркия Ооганстандын борбор шаары Кабулдагы Нооруз майрамдоолору учурунда болгон террордук кол салууну айыптады.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, Кабулда кечээ Нооруз майрамы белгиленип жатканда болгон террордук кол салууда көп сандаган адамдын көз жумушу жана жаракат алышы катуу капага салганы белгиленди.

Билдирүүдө: «Бул канкор кол салууну айыптап, каза тапкандардын жаткан жерлери жайлуу болушун, дос Ооганстан өкмөтү менен боордош ооган элине көңүл айтып, жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишин тилейбиз»,-деген сөздөргө орун берилди.

Кечээ бир кол салгычтын Кабул университетине жакын жердеги Нооруз майрамдоолоруна барган калың элдин арасына кирип үстүндөгү бомбаны жардырып жиберишинен көпчүлүгү жарандардан турган 26 киши каза болуп, 18 киши да жаракат алган болчу.

 

 



Тектеш кабарлар