«Зайтун бутагы» кыймылынын алкагында дагы бир аскерибиз шейит болду

Башкы штаб төрагалыгынын жазуу түрүндөгү жарыясында «Зайтун бутагы» кыймылынын алкагында Афринде жүргүзүлгөн операциялар убагында 15-мартта жаракат алган аскердин шейит болгонун билдирди.

932011
«Зайтун бутагы» кыймылынын алкагында дагы бир аскерибиз шейит болду

Түрк куралдуу күчтөрүнүн (ТКК) Сириянын Африн аймагына карай жүргүзгөн «Зайтун бутагы» кыймылы убагында жаракат алып ооруканага жаткырылган бир аскер шейит болду.

Башкы штаб төрагалыгынын жазуу түрүндөгү жарыясында «Зайтун бутагы» кыймылынын алкагында Афринде жүргүзүлгөн операциялар убагында 15-мартта жаракат алган жана ооруканада дарыланып жаткан бир аскердин шейит болгону белгиленди.

Анда, «Бизди терең кайгыга салган бул окуяда курман болгон азиз шейитибиздин жаткан жери жайлуу болушун тилейбиз, шейитибиздин кайгыга баткан үй-бүлөсүнө, Түрк куралдуу күчтөрү менен Улуу түрк улутуна кайрат айтабыз жана сабырдуу болушун тилейбиз»,делди.



Тектеш кабарлар