Түрк тилдүү өлкөлөргө багытталган ТРТ Аваз каналы жаңыланат

Түркия радио-телеберүү мекемесинин башкы директору Ибрахим Эрен, ТРТнын алдыдагы максаттарын түшүндүрдү.

931242
Түрк тилдүү өлкөлөргө багытталган ТРТ Аваз каналы жаңыланат

Түркия радио-телеберүү мекемесинин (ТРТ) башкы директору Ибрахим Эрен, Түрк тилдүү мамлекеттер менен Кавказ аймагындагы иш-аракеттерин кеңейте тургандарын айтып: «ТРТ-Аваз каналыбыз Түрк тилдүү өлкөлөргө багытталган. 2018-жылы бул каналыбызды жаңылайбыз. ТРТ-Авазда бул жердеги студиялардан бериле турган эфирлер аркылуу ушул аймактагы маданий биримдүүлүктү арттырууну каалап жатабыз»,-деди.

Премьер-министр Бинали Йылдырым менен Азербайжанга барган ТРТнын башкы директору Эрен, Анадолу агенттигинин Бакудагы кеңсесине барды.

Ибрахим Эрен, ТРТ катары Түрк дүйнөсү, Түрк-Ислам аймагы менен абдан жакын байланыш курууга, ал аймак менен болгон байланыштарды, маданий биримдүүлүктөрдү ортого салууга жана күчтөндүрүүгө салым кошо турган ар түрдүү долбоорлорду түзүүгө аракет кылгандарын айтты.

Алдыдагы мезгилде да бул аймактан Анадолуга келген билимдүү жана акылман адамдардын даректүү тасма жана кинотасмаларын тартууну ойлоп жаткандарын белгилеген Эрен: «ТРТ-Аваз каналыбыз Түрк тилдүү өлкөлөргө багытталган. 2018-жылы бул каналыбызды жаңылайбыз. ТРТ-Авазда бул жердеги студиялардан бериле турган эфирлер аркылуу ушул аймактагы маданий биримдүүлүктү арттырууну каалап жатабыз»,-деди.

Быйыл Азербайжан Республикасы менен Бакуну армян жана большевик бандасынан куткарган Кавказ Ислам армиясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы белгилене турганын эске салган Эрен: «Азербайжандын элдик акыны Ахмет Жеватты даректүү тасмада чагылдырабыз, анын ыр саптарынан турган 12 бөлүмдүк симфониялык концерт уюштурабыз. Анкарада же Бакуда же болбосо эки шаарда тең мамлекеттик жетекчилердин катышуусунда ушул иш-чараны өткөрөбүз»,-деп айтты.

Азербайжан жер бетиндеги санариптик берүүгө өткөндөн кийин өлкөдөгү көптөгөн чет тилдеги телеканалдарды чыгарганын, жергиликтүү каналдарга салыштырмалуу ТРТга көбүрөөк орун бергенин айткан Эрен: «Азербайжандагы санариптик берүүдө жергиликтүү каналдардан тышкары эфирге чыккан жалгыз канал ТРТ. Анткени биздин тилибиз бирдей. Ошондуктан бизге уруксат беришти. Азербайжанга ыраазычылык билдирем. Көп сандаган адам биздин сериалдарды көрүп жатышат. Маданий жана тарыхый байланыштарыбызды күчтөндүрүп, тарыхыбызды эске салганыбызда Түрк дүйнөсү жана Түркия катары келечекке дагы да бекем умтулабыз»,-деп кошумчалады.



Тектеш кабарлар