Президент Эрдоган менен Ангела Мрекелдин телефон аркылуу сүйлөшүүсү

Сүйлөшүүдө эки тараптуу карым  - катнаш менен Түркия  -  Европа Биримдиги карым – катнаштары каралды.

930896
Президент Эрдоган менен Ангела Мрекелдин телефон аркылуу сүйлөшүүсү

 Президент Р. Т. Эрдоган Германиянын канцлери Ангела Меркель менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүүдө эки тараптуу карым  - катнаш менен Түркия  -  Европа Биримдиги карым – катнаштары каралды.

Президенттик булактардан берилген маалыматка ылайык кечээ кечинде өткөн сүйлөшүүдө Эрдоган Германияда федералдык өкмөттүн расмий түрдө кызматын башташы жана канцлердик кызматына кайрадан келиши менен Меркелди куттуктап, ийгилик каалады.

Эки лидер Түркия менен Германиянын ортосундагы диалог жана кызматташтыкты ылдамдатуу тууралуу чечкиндүүлүктөрүн кайталашкан сүйлөшүүдө мыйзам тышы миграция менен күрөш жана баш калкалоочулар тууралуу бирдикте иштөөнүн маанисин баса белгилешкендери белгиленди.

Террор уюмдарына каршы бирдикте күрөшүү керектиги баса белгиленген сүйлөшүүдө 26 -  мартта Болгариянын Варна шаарында өткөрүлө турган Европа Биримди лидерлеринин саммитинин маанисине токтолушту.

Президент Эрдоган сүйлөшүүдө Африндеги «Зайтун бутагы» операциясы тууралуу да маалымат берди.



Тектеш кабарлар