Крымдын аннекция кылынгандыгына 4 жыл болду

Түркия Крымдын Орусия тарабынан мыйзамсыз аннекциясынын төртүнчү жылына байланыштуу маалымат берди.

931475
Крымдын аннекция кылынгандыгына 4 жыл болду

Түркия Крымдын Орусия тарабынан мыйзамсыз аннекциясынын төртүнчү жылына байланыштуу : «Эл аралык мыйзамдын бузулушу болгон кыймылдын жыйынтыгы катары ортого чыккан абалды таныбагандыгыбызды дагы бир жолу кайталап, Украинанын жеринин бүтүндүгүнө жана эгемендигине болгон колдообузду улантабыз»,- деди.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Украинанын Крым жарым аралынын төрт жыл мурда Орусия тарабынан аннекция  кылынгандыгы эске салынды. Маалыматта : «Эл аралык мыйзамды бузуу болгон бул абалды таныбагандыгыбызды дагы бир жолу кайталайбыз. Украинанын жеринин бүтүндүгүнө жана эгемендигине болгон колдообузду улантабыз. Жарым аралдын негизги калкы болгон Крым татар түрктөрүнүн абалы  менен Крымдагы абалдарды жакындан иликтөөнү улантабыз»,- деп билдирилди.

 



Тектеш кабарлар