Өмер Челик Европа Парламентине катуу каршылык көрсөттү

Европа Парламентинин «Зайтун бутагы» операциясына карата көз карашы сабатсыз.

930770
Өмер Челик Европа Парламентине катуу каршылык көрсөттү

 

Европа Биримдиги министри жана башкы сүйлөшүүчү Өмер Челик Европа Парламентинин «Түркия Афринден чыгышы керек»,- деген чакыруусуна катуу каршылык көрсөттү жана ПЙД – ЙПГ террордук уюм деген Челик : "Европа Парламентинин чечимин ачык түрдө айыптайбыз»,- деди.

Европа Парламенти түрк куралдуу күчтөрүнүн Сириянын Африн аймагында ПКК/КЖК/ПЙД – ЙПГ жана ДЕАШ мүчөлөрүн жок кылуу, дос жана бир тууган аймак калкын кысым жана зулумчулуктан куткаруу үчүн 20 -  январда баштаган «Зайтун бутагы» операциясына байланыштуу Түркияга «Афринден чык» чакыруусун салган. Челик Европа Парламентинин чакыруусу тууралуу баа берди.

Европа Парламентинин жарандар тууралуу кош стандарт чыгаргандыгын баса белгилеген Челик : «3,5 миллион качкынды конок кылган Түркиянын бул темада абдан жооптуу экендиги билиниши керек. Террордук уюмдар жарандарга карата кол салганда Европа Парламентинен эч бир үн чыккан жок, буларды эч айыптабастан «Зайтун бутагы» тууралуу жарандардын өлүп жаткандыгынан сөз кылышы жаңылыш мамиле»,- деди.

Челик : «Түркия бул маселелерде мүмкүн болгон эң жогорку координация менен кыймыл кылууда. Бул жерде тескери таасирлерден башка кагылышуунун аякташы жана жарандардын коргоого алынышы тууралуу Түркиянын оң таасирине көңүл бурулушу керек. Түркия Сирияда жарандык согуштун аякташы тууралуу роль ойногон бир гана өлкө»,- деди.

«Афринден чык» чакыруусунун «террор менен күрөшпөө» деген мааниге келгендигин баса белгилеген Челик : «Түркия ПКК кол салуусуна учурагандан   15 – 20  жылдан кийин Европа Биримдиги ПККны күн тартибине алды. Эмне болсо болсун ПЙД/ЙПГ террордук уюм жана бул уюм ПКК менен бирдей»,- деди.

ДЕАШка ким араб күчтөрү деп айтпаган болсо ПКК/ЙПГге да күрт күчтөрү деп айта албай тургандыгын айткан Челик Европа Парламентинин террордук уюм менен бир тилди колдонбошу керектигин белгиледи.

 



Тектеш кабарлар