Иранда реактив кырсыгында каза болгондордун жаназасы Стамбулга алып келинди

10 кишинин жаназасы Стамбулга алып келинди.

929644
Иранда реактив кырсыгында каза болгондордун жаназасы Стамбулга алып келинди

 Ирандын Чахармахал жана Бахтийари аймагында жекшемби күнү кечинде менчик бир түрк реактивинин кырсыкка учурашы менен каза болгон 10 кишинин жаназасы Стамбулга алып келинди. Аскердик жүк ташуучу учактан алынган жаназалар аэропортто аткарылган иштерден кийин сөөктү изилдөө үчүн адилеттик медицина мекемесине алып барылды.

Стамбулга алып келинген жаназалардын Мина Башаран, Синем Акай, Жасмин Барух Силони, Буржу Гүндоган Урфалы, Лиана Хананел, Айше Анд, Аслигүл Измирли, Зейнеп Жошкун, Мелика Куввет жана Эда Улсуга таандык экендиги, учкуч Берил Гебештин жаназасы тууралуу иштердин Иранда улантылып жаткандыгы белгиленди.

Кырсыктан кийин Иранга барган үй  - бүлөлөр да эрте менен Стамбулга кайтып келишти. Ошол эле учурда транспорт, деңизчилик жана кабарлашуу министрлиги тарабынан реактивдин Иранда кырсыкка учуроо себебинин белгиленишине байланыштуу кара кутулардын чечмелениши жана башка маалымтатарды карап чыгуу иштери улантылууда.



Тектеш кабарлар