Менбичте коопсуздукту Түркия менен АКШ камсыздайт

Министр Чавушоглу Москвада маалымат берди.

928626
Менбичте коопсуздукту Түркия менен АКШ камсыздайт

Тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу, жикчил террордук уюм ПККнын Сириядагы уландысы ЙПГ Менбичтен чыкканда, бул жердин коопсуздугу Түркия менен АКШ тарабынан камсыздала турганын айтты.

Эки тараптуу жолугушуулар үчүн Орусиянын борбор шаары Москвага барган Чавушоглу, АКШлык кесиптеши Рекс Тиллерсон менен 19-мартта Вашингтондо өтө турган сүйлөшүүдө, Менбичтеги абалдын тактала турганын билдирди.

«ЙПГ болгон аймактарда кантип тынчтык орнотулат, кимдин көзөмөлдөй турганын кантип камсыздай алабыз»,- деген Чавушоглу, негизги принциптин калктын санына жараша башкаруу болушу керектигин айтты.

ЙПГнин эч бир түрдө болбой турганын баса белгилеген Чавушоглу: «Менбичтен ЙПГ чыкканда ал жерде түрк жана АКШ аскерлери болот. ЙПГнин чыгышына байкоо салабыз. Мунун коопсуздугун ким камсыздайт, АКШ менен Түркия. Алгач бул моделди Менбичте ишке ашырабыз андан соң берки жерлерге алып барабыз. Бул Ракка үчүн да Евфрат дарыясынын чыгышында ЙПГнин көзөмөлүндөгү жерлер үчүн да жарактуу»,-деп айтты.

Ушундайча бул жерлерде коопсуз аймактардын камсыздала турганын жана бардык кадамдардын да белгилүү күндөргө пландала турганын баса белгилеген тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу буларды айтты: «19-марттагы жыйында жол картасы так түрдө күндөрү менен белгилүү болот. Канча мөөнөттө эмне ишке ашырылат, берки тарапка кантип өтүлөт, буларга байланыштуу күндөр белгиленет. Акыркы жыйында албетте башкача ойлор болушу мүмкүн бирок ушул түшүнүккө карай бара жатат».

Учурда Менбич темасында Сирия режиминен кандайдыр бир талап кылынбай турганын айткан Мевлүт Чавушоглу, АКШ тарабынан ЙПГге берилген куралдардын кайра чогултулуусу темасында да байкоо сала тургандарын түшүндүрдү.

Чавушоглу: «Билебиз барын ала албайбыз. Айрымдары эски, айрымдары дайынсыз. Бирок биз бул куралдарды мурда (АКШ) президент айткандай алабыз дешет. Муну да иш алып баруу тобу аткара баштаганда көрөбүз»,-деди.



Тектеш кабарлар