Түркия Чилиде Ас  - Салам мечитин рестоврациялады

Латын Америка өлкөсү Чилидеги Ас  - Салам мечити Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттиги ТИКА тарабынан рестоврацияланды.

926635
Түркия Чилиде Ас  - Салам мечитин рестоврациялады

Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда президент Р. Т. Эрдогандын 2016 -  жылы бул өлкөгө жасаган сапарында берген жолдомолордун негизинде борбор шаар Сантьягодогу мечит жаңыланды. Ас  - Салам мечитинин тышкы фасады, даарат алуучу жери жана ашканасы жаңыланды.

Чилидеги мусулмандардын эң негизги ыбадат борборлорунан болгон мечиттин чатыры алмаштырылып жана тегереги иретке салынды. Иштердин бүтүшү менен өткөрүлгөн аземге Түркиянын Сантьяго элчиси Гүлин Динч ТИКА Чыгыш жана Түштүк Азия, Тынч океан жана Латын Америка мекемесинин төрагасы доктор Рахман Нурдун аймактагы Мусулман жамаатынын төрагасы Кемал Суфан мечиттин башкарылышы жана Мусулман коомунун жол башчылары катышты. Кемал Суфан бул жерде сүйлөгөн сөзүндө : «Түркия дүйнөнүн бардык жеринде мусулмандарга үмүт болууда»,- деп түрк калкына рахмат айтты.

Элчи Динч да Түркиянын Чилидеги мусулмандарга карата жардамдарынын улантыларын белгиледи. Доктор Нурдун болсо президент Эрдогандын жолдомосунун негизинде ишке ашырылган эмгектин Чилидеги мусулмандарга Түркиянын белеги экендигин айтты.



Тектеш кабарлар