Президенттиктин катчысы Ибрахим Калындан исламофоия тууралуу эскертүү

Исламофобиге каршы чара көрүлбөсө Холокосттогуга окшогон апаатка жол ачылышы мүмкүн.

926828
Президенттиктин катчысы Ибрахим Калындан исламофоия тууралуу эскертүү

Исламофобиге каршы чара көрүлбөсө Холокосттогуга окшогон апаатка жол ачылышы мүмкүн.  Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын батыштык өлкөлөрдө чоңоюп бара жаткан исламофобияга көңүлдөрдү бурду. Ибрахим Калын Стамбулда өткөрүлгөн «Исламофобия менен күрөш: кенен жана таасирүү чечүүчү жолго карай» деген темадагы семинарга катышты. Бул жерде сөз сүйлөгөн Калын исламофобиянын олуттуу бир маселе экендигин жана чара көрүлүшү керектигин айтты.

Батыштык өлкөлөрдү эскерткен Калын : «Мусулмандарга каршы ашыкча оңчул, улутчул, исламофобиялык  кыймылдарга маани берилбегендигин, нормалдуу көрүнүш катары көрсүтүүгө аракет кылынгандыгын көрүп жатабыз»,- деди. Ибрахим Калын исламофобиянын жыйынтыктарынан сөз кылып Экинчи дүйнөлүк согушунда болгондорго көңүлдөрдү бурду.

Исламофобиянын олуттуу бир маселе экендигин баса белгилеген Калын : «Чара көрүлбөсө Европанын жарандык коом мекемелери менен саясаты менен мекемелери менен илимпоздору менен диний  лидерлери менен буга каршы чара көрүлбөсө алдыда Холокостко окшогон башка бир апааттарга жол ачарын ачык түрдө айтуубуз кере»,- деди.

Семинарды Мигранттарды изилдөө фонду менен борбору Франция болгон исламофобияга каршы коллективдүү мекеме бирдикте өткөрдү.

2 күнгө созула турган семинардан кийин отчет берилет.

Холокост 1933 – 1945 -  жылдары немистик нацизм мезгилинде 6 миллионго жакын еврейдин системалуу түрдө кыйноо менен өлтүрүлүшүнө берилген ат.



Тектеш кабарлар