Түркия - Орусия - Иран лидерлер саммити 4 - апрелде болот

Р. Т. Эрдогандын жетекчилигинде өткөрүлө турган саммитте Сирия менен бирге башка аймактык маселелердин да каралышы күтүлүүдө.

924847
Түркия - Орусия -  Иран лидерлер саммити 4 -  апрелде болот

Сирия маселеси карала турган Түркия  - Оусия  - Иран лидерлер саммитинин 4 -  апрелде Стамбулда өткөрүлүшү пландалууда. Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда президент Р. Т. Эрдогандын жетекчилигинде өткөрүлө турган саммитте Сирия менен бирге башка аймактык маселелердин да каралышы күтүлүүдө.

Президент Эрдогандын Орусиянын президенти В. Путин жана Ирандын президенти Хасан Рухани менен 8 -  февралда өз өзүнчө телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүндө биринчиси Орусиянын Сочи шаарында өткөрүлгөн лидерлер саммитинин экинчисин Стамбулда өткөрүлүшүнө чечим чыгарылган болчу.

22 -  ноябрда өткөрүлгөн биринчи саммиттин акырында жарыяланган «Түркия, Иран жана Орусия президенттеринин Орток билдирүүсүндө» Сириянын эгемендигине, көз карандысыздыгына, биримдигине жана жеринин бүтүндөгүнө карата убадалар такталып, Астана процессинин акырында Сирияда келишпестиктерди азайтуу аймактарынын курулушу жана келишпестиктин чечилишине карата эч бир саясий демилгенин өлкөнүн эгемендигине, көз карандысыздыгына, биримдигине жана жеринин бүтүндүгүнө зыянын тийгизбей тургандыгы баса белгиленген болчу. Лидерлер керек болгондо кайрадан жолугушууга чечим чыгарган болчу.

4 -  апрелде өткөрүлүшү пландалган лидерлер саммитинен бир күн мурда да Түркия  - Орусия жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңеши жыйынынын өткөрүлүшү күтүлүүдө.

Орусиянын президенти Путин биринчи болуп ҮДИК жыйынына андан кийин да лидерлер саммитине катышат. Ошол эле учурда тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу да 12 – 14 -  май күндөрү ҮДИКтин астыңкы органы орток стратегиялык пландоо группасынын жыйыны менен Москва эл аралык саякат жана туризм жарманкесине катышуу үчүн Орусиянын борбор шаары Москвага барат.

 

 



Тектеш кабарлар