Эрдоган менен Путиндин телефондогу сүйлөшүүсү

Бул тууралуу Президенттик маалымат борборунан маалымат берилди.

924239
Эрдоган менен Путиндин телефондогу сүйлөшүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Президенттик маалымат борборунан алынган маалыматка караганда, андагы сүйлөшүүдө Чыгыш Гутада болуп жаткан адамзаттык трагедиясынан баштап, Сириядагы акыркы абалдарга чейин талкууланды.

Эрдоган жана Путин, БУУнун коопсуздук кеңешинин 2401 номердүү токтомуна ылайык Чыгыш Гутада ок атпоонун толук түрдө жүзөгө ашырылышы үчүн өзгөчө Түркия, Орусия жана Ирандын биргелеше аракет кылышынын чоң мааниси болгонун баса белгилешти.

Сүйлөшүүдө Чыгыш Гутадагы элге гуманитардык жардамдардын жеткирилип, болуп жаткан апааттын тез арада соңуна чыгарлышынын маанилүү экендиги айтылды.

Президент Эрдогандын, Афринде террор элементтерине каршы Түркиянын жүргүзгөн операциясы туурасында маалымат бөлүшүүнү каалаган сүйлөшүүдө, эки тараптуу карым-катнаштарга да токтолду.

Эки лидер Түркия, Орусия жана Ирандын алдыдагы айда лидерлер деңгээлинде Стамбулда өткөрө турган үчтүк саммит тууралуу пикир алмашышты.



Тектеш кабарлар