«Зайтун бутагы» кыймылында жок кылынган террорист саны 2612ге жетти

«Зайтун бутагы» кыймылынын алкагында бүгүн кургактык жана абадан жүргүзүлгөн операцияларда террор уюмдары ПКК/КЖК/ПЙД-ЙПГ жана ДЕАШка таандык 96 террорист жок кылынганы белгиленди.

922333
«Зайтун бутагы» кыймылында жок кылынган террорист саны 2612ге жетти

Түрк куралдуу күчтөрү (ТКК) тарабынан Сириянын Африн аймагында жүргүзүлгөн «Зайтун бутагы» кыймылында жок кылынган террорист саны 2612ге жетти.

Башкы штаб төрагалыгынын жарыясына караганда «Зайтун бутагы» кыймылынын алкагында бүгүн кургактык жана абадан жүргүзүлгөн операцияларда террор уюмдары ПКК/КЖК/ПЙД-ЙПГ жана ДЕАШка таандык 96 террорист жок кылынганы белгиленди.

Колдонулган курал жана ок-дары менен катар бардык иш-аракеттердин Куралдуу кагылышуу укугуна ылайык жана мыйзамдуу платформаларда жүргүзүлгөнү белгиленген маалыматтандырууда, «Зайтун бутагы» кыймылы башталгандан бери ПКК/КЖК/ПЙД-ЙПГ жана ДЕАШка таандык 924 бутанын абадан жүргүзүлгөн операция менен таш талканы чыгарылганы жарыяланды.

Жарыяда кыймылдын 20-январда башталганынан бери жок кылынган террорист санынын 2612ге жеткени маалымдалды.

Бир тараптан стратегиялык мааниге ээ Африндин Ражо жергеси менен катар Хамилек, Рамадие, Бадинли, Каркин, Али Бензали жана Чеменли болуп 7 отурукташкан жердеги көзөмөл камсыздалды.

Башкы штаб төрагалыгынын жарыясына караганда «Зайтун бутагы» кыймылынын алкагында террор уюмдары ПКК/КЖК/ПЙД-ЙПГ жана ДЕАШка таандык террористтерди жок кылууга карай кургактыктан жана абадан жүргүзүлгөн операциялар уланып жатат.



Тектеш кабарлар