Бүткүл террор уюмдары Түркиядан корккула...

Йылдырым партиясынын Манисада кезектеги 5-Облустук жаштар тармагынын конгрессинин алдында аянтта күткөн атуулдарга кайрылды.

922564
Бүткүл террор уюмдары Түркиядан корккула...

Премьер-министр Бинали Йылдырым, «Евфрат калканы» кыймылы менен түзгөн коопсуз аймактар сыяктуу Африндин да чыныгы ээлерине тапшырыла турганын айтты.

Өкмөт башчы Бинали Йылдырым Муглада Адилеттик жана өнүгүү партиясынын аялдар тармагынын конгрессинде сөз сүйлөдү.

Йылдырым: «Мехметчиктин (түрк аскери) каны жерде калган жок»,-деп айтып, кыймыл бүткүндөн кийин «Афринди африндиктерге тапшырып беребиз»,-деди.

Өкмөт башчы Йылдырым, террор менен күрөшүүнүн чечкиндүүлүк менен уланганын айтты.

Йылдырым: «Террор менен күрөшүү эң мыйзамдуу укугубуз болуп саналат. Аймакта тынчтык, туугандык, ынтымакты каалайбыз. Коопсуздук чөйрөсүнүн түзүлүүсүн каалайбыз, ошон үчүн күрөшүүдөбүз. Биз Сирияда туугандарыбыздын кайгысын жоюу үчүн ошол жердебиз...»,-деди.

Йылдырым партиясынын Манисада кезектеги 5-Облустук жаштар тармагынын конгрессинин алдында аянтта күткөн атуулдарга кайрылды.

Түркиянын террорго каршы чыныгы күрөшүүнү жүргүзгөн өлкө болгонун белгилеген Йылдырым: «ПККсы, ДЕАШы, ПЙДсы, ЙПГсы бүткүл террор уюмдары, корккула Түркиядан, корккула түрк аскеринен. Бул өлкөнүн бул, улуттун биримдигин, ынтымагын, туугандыгын эч качан буз албайсынар. Силердин ошол мыкаачылык пландарыңардын артындагы ошол колдоочуларыңарды унуткан жокпуз, аларды да керектүү жоопко тартабыз күнү келгенде»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар