Түркия аза күтүүдө...

«Зайтун бутагы» операциясында 8 аскер шейит болду.

921310
Түркия аза күтүүдө...

Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Сириянын Африн аймагында жүргүзүлүп жаткан «Зайтун бутагы» операциясында 8 аскер шейит болду. Башкы штабдын төрагалыгынын берилген маалыматта «Зайтун бутагы» операциясынын негизинде Афринде жүргүзүлүп жаткан операцияларда 8 аскердин шейит болгондугу, 13 аскердин жаралангандыгы билдирилди. Маалыматта : «Бизди терең кайгыланткан бул кол салууда каза болгон шейиттерибиздин үй  - бүлөлөрүнө, түрк куралдуу күчтөрү менен улуу түрк калкына көңүл айтабыз жана дарылануу үчүн ылдам түрдө аймактан чыгарылган жаралуу аскерлер үчүн шыпаа тилейбиз»,- деп билдирилди.

Расмий сапар менен Сенегалга барга президент Р. Т. Эрдоган Африн элетинде коопсуздук күчтөрү менен террористтердин ортосунда чыккан кагылышуу тууралуу башкы штабдын төрагасы, армиянын генералы Хулуси Акар жана ички иштер министри Сүлейман Сойлуга телефон чалып маалымат алды.

Президенттик булактардан алынган маалыматка ылайык кагылышууда аскерлердин каза болушунан кайгылангандыгын белгилеген Эрдоган шейиттер үчүн көңүл айтып, жаралуу аскерлердин бат айыгып кетишин каалады.

Президент Эрдоган шейиттердин үй  - бүлөлөрүнө жана башта жандармерия болуу менен бардык коопсуздук күчтөрүнө көңүл айтты.



Тектеш кабарлар